
Бүгүн 4-мартта Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Ал эми коңшу Казакстанда жер титирөөнун күчү 5,4 балл болгону айтылууда.
Буга байланышуу Өгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөө маалындагы алгачкы кадамдарга токтолду:
- Эгерде сиз көп кабаттуу үйдүн 1-кабатында же болбосо жер үйдө жашасаңыз тезинен коопсуз жерге чыгуу зарыл;
- Көп кабаттуу үйдүн экинчи же андан жогорку кабаттарында болсоңуз, имараттан чыгып кетүүгө аракет кылбаңыз;
- Лифт колдонууга жана тепкич менен түшүүгө болбойт;
- Керектүү документтер, буюмдар салынган баштыкты даярдап коюңуз;
- Эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөңүз;
- Жер титирөөдө терезеден оолак болууну унутпайлы;
- Негизги дубалдардын бириккен жеринде туруңуз;
- Бийик имараттардын жанында болсоңуз, урандылардан жаракат албаш үчүн ачык жерге баруу зарыл;
- Жогорку кабаттан секирбеңиз;
- Керебеттин жана столдун астына жашынбаңыз;
- Үзүлгөн электр чубалгыларынан оолак болуңуз.
- Өзгөчө кырдаалдардан турак-жайыңызды камсыздандыруу зарыл.
- “112” кызматына маалымат бериңиз.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөнүн качан жана күчү канча балл болоорун так айтуу мүмкүн эместигин эскертип, ар дайым сак болууга чакырды.