Биз социалдык тармакта

Ошто борбордук стадиондун айланасын иретке келтирүү иштери кызуу жүрүүдө

Ош шаарында А. Сүйүнбаев атындагы стадиондун айланасын баштапкы абалына келтирүү иши башталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Ош мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, борбордук стадиондун айланасы 2001-жылы берилген токтомго ылайык 5,5 гектар деп көрсөтүлгөн. 1996-жылы социалдык объектилердин аймагынын жер аянттарын жеке менчикке бербөө боюнча токтому чыкканына карабай, 1 гектардан ашуун жер тилкеси ар кандай жолдор менен жеке колдорго берилип кеткен. Алар стадиондун айланасына коммерциялык багыттагы курулуштарды салып иштетип келишкен.
"Курулуш ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында стадиондун аянтын баштапкы абалына келтирүү иштери башталды. Учурда анын айланасындагы спорт дүкөнү, бильярд клубу, той көйнөктөр салону жана мыйзамсыз турак үй, анын тосмосу буздурулууда", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Ош шаарынын борбордук стадионунун негизги унаа кирүүчү жолу талапка туура келбей, жеке тараптар тосуп алган. Анын арты менен Ош шаарында эл аралык жана республикалык масштабдагы футбол мелдештерин өткөрүүгө уруксат берилбей келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан