Кара-Суу районунун Савай айылында турак үйдөн үч баласы менен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу маалыматты Ош ОИИБинин маалымат кызматынан тастыкташты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын баары түнү уктап жатканда истүү газга ууланган. Аял 31 жашта, балдары жети, алты жана үч жашта болгону айтылды.
"Каза болгондордун жакындары арыз берүүдөн жана экспертизадан өтүүдөн баш тартышты. Текшерүү жана протокол түзүлгөндөн кийин каза болгондордун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.