
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы алмашты. Буга чейин аталган кызматты Каныбек Осмоналиев ээлеп келген болсо, эми Мелис Мураталиев аркалайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону айтылат.
Осмоналиев Мамлекеттик тил комиссиясына 2022-жылдын май айынан бери төрагалык кылып келген. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.