Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка катыштыгы бар курьер кармалды 

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка катыштыгы бар курьер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, февраль айынын аягында Биринчи май РИИБине калаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал түн ичинде белгисиз адамдар телефон чалышып, “кызың жол кырсыгына кабылды” деп 12 миң доллар жана 250 миң сом алышканын, алар алдамчылар экени кийин маалым болгонун билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жабырлануучулардан акча каражатын алып, үчүнчү жактардын эсебине жиберген курьер кармалды. Кармалган жаран 2003-жылы туулган Ш. уулу Т. борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти болот. Анын мындан башка дагы беш телефон алдамчылык кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталды.

"Шектүү Ш. уулу Т. Бишкек шаарындагы 4-кичи райондогу жабырлануучулардан 250 миң сом алып кеткен. Андан соң Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган тургундан 29 миң доллар, “Чыгыш-5” кичи районунун жашоочусунан 265 миң сом жана 300 доллар, “Жал” кичи районунун бир тургунунан 9 миң доллар, дагы бир тургундан 250 миң сом жана 900 доллар, 1500 евросун алып кеткен. Жогорудагы курьер бул жабырлануучулардын үйүнө келип, акча каражаттарын алып турган", - деп айтылат маалыматта.

Телефон алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу алдамчыларга жабырлануучулардан акча каражатын алууга жардам берген курьерлердин дагы кылмышка тиешелүүлүгү каралып жатканы кошумчаланды.

"Курьерлер кылмыштын оордугун жана мүнөзүн, алдамчылардын тапшырмаларын аткарууда тобокелдиктерди баалабай жатышат. Алар кылмыштын шериги катары кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Анткени жарандар алдамчылыктын таасири астында кээде бардык аманаттарын аларга беришет. Далилдер толук топтолгон учурда болгон курьерлердин аракеттери уюшкан топко катышуу катары бааланышы мүмкүн, бул жоопкерчиликтин күчөшүнө алып келет", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан