Бишкекте адам уурдоого шектүү жаран кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектүү карамалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, 26-июнда милицияга Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү аны белгисиз адамдар Toyota Wish үлгүсүндөгү унаага салышып, Ак-Ордо конушуна алып барып ур-токмокко алышканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (Адам уурдоо) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган.
Шектүү катары 2004-жылы туулган Т.Ы. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Бул кылмышка тиешеси бар калган адамдар буга чейин кармалып, аларга карата козголгон кылмыш иштери сотко жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан