Бишкектин эки конушунда 7-мартта ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 10:00гө чейин "Ала-Тоо 1" жана "Ала-Тоо 2" кошуштарындагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо жана башка өнөр-жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Таза суу "Ала-Тоо" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтойт.
"Бишкексууканал" жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана элден ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранат.