Таласта райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жумуштан алынды. Себеби

Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекетке 11 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине акча каражаттарын мыйзамсыз түрдө аванс катары котортуп, акчаларды өз кызыкчылыгына пайдаланган.

Ага ылайык, Эсептөө палатасы мыйзамсыз которулган акча каражаттардын суммасы 11 миллион сомду түзгөнүн аныктап чыккан.

Аталган фактыдан улам Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси К.Б.Т. жана башкы эсепчиси Ч.Н.У. ээлеген кызматынан бошотулган.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан