Камчы Көлбаевдин жакыны Таалайбек Рысалиев Дубайдан кармалды

Интерпол Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган Кыргыз жараны Рысалиев Таалайбек Кумашевич БАЭден кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, кылмыш ишинин алкагында Таалайбек Рысалиев маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү катышуучусу катары аныкталган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү менен айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы сырттан каралып, камакка алынган.

"Рысалиев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакын адамы болуу менен, анын таасирин туруктуу, мыйзамсыз киреше алуу максатында, тагыраагы түздөн-түз же кыйыр финансылык же башка материалдык пайда алуу максатында жеке менчикке каршы оор кылмыштарды жасоо, ошондой эле башка кылмыштуу ойлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланган", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан