
Санариптештирүүнүн алкагында өлкөдө 255 жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, эмгек министрлиги "Эмгек рыногунун маалыматтык тутумун" ишке киргизген. Бүгүнкү күндө иш издеп жүргөн 96 миң жаран эмгек рыногунун маалыматтык системасынын каттоосунда турат. Ар бири үчүн эсепке алуу системасы жүргүзүлөт жана иш менен камсыз кылуу органдары тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар жазылмакчы.
"Аймактарда жаштар үчүн стартаптар сынагы болуп, анын жыйынтыгында өлкөнүн бардык жеринен 10 санариптик стартап долбоору каржылык колдоо алган. Натыйжада 255 жумушчу орун түзүлгөн.
Занятость.kg" маалымат порталы интеграцияланган, ага жумуш издөөчү катары катталып, бош жумуш орундар тууралуу маалымат алса болот", - деп айтылат маалыматта.