Бишкек шаарында Telegram мессенжери аркылуу "мефедрон", "туз" жана "кристалл" синтетикалык баңгизаттарын сатышып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "крипто алмаштыргычтар" аркылуу ортомчулук кызмат көрсөткөн өлкөнүн беш жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Шектүүлөрдүн жанынан көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү "мефедрон" баңгизаты табылган.
Учурда жарандарга баңгизаттарды таратып жаткан адамдардын, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге көмөктөшкөн башка адамдардын аракеттерин аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.