Биз социалдык тармакта

Өлкөдө эртең менен эки ирет жер титирөө катталды

Бүгүн, 6-март эртең менен өлкө аймагында эки ирет жер титирөө катталды.
Сеймология институтунун маалыматына караганда, биринчи жер титирөө саат 06:06да Жалал-Абад облусунда катталып, күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Таран-Базар айылынан 3 чакырым түндүк-батышта, Жоон-Күнгөй айылынан 3 чакырым түштүк-батышта, Жалал-Абад шаарынан 36 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Калк жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.
Ал эми экинчи жер титирөөнүн очогу Кытайда 06:10до катталып, күчү 5,5 баллга жеткен. Бул жер титирөө өлкө аймагына дагы сезилип, Бедел айылында күчү 4 баллга жеткен. Ал эми Кумтөрдө 3 баллдык болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан