Биз социалдык тармакта

Бүгүн Кочкор – Нарын – Торугарт жолу 6 саатка жабылат

Бүгүн, 7-мартта Кочкор – Нарын – Торугарт жолу алты саатка жабылат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, 12:00дөн 18:00гө чейин ашуу-белдерде көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Ошол себептүү Кочкордун Сары-Булагынан Нарындын Оттугуна чейинки жол жабылып, каттамдарга тыюу салынат.

Иштин жүрүшүнө жараша убакыт узарышы же кыскарышы мүмкүн экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан