Биз социалдык тармакта

Кендирбаева мугалимдердин орточо айлыгы жогорулагандан кийин канча экенин айтты

Өлкөдө мугалимдердин орточо айлыгы жогорулагандан кийин 27 миң сомдун тегерегин түздү. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Билим берүү министрлигинин коллегиясында министр Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылга карата өлкөдө 2 350 мектеп иштеп жатат. Аларда 1,4 миллион окуучу билим алууда.

"Өлкөдө негизинен орус тилдүү мектептерде 689 мугалим жетишсиз болууда", - деди министр.

Эске салсак, буга чейин мектептердин директорлугуна кадр жетишсиздиги айтылган. Мындан улам быйыл 375 мектепте директорлук кызматка сынак жарыяланды.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан