Биз социалдык тармакта

Жарыктын өчүү графиги жарыяланып турат. Кайдан көрсө болот?

Кыска мөөнөттүү ашыкча жүктөмдү азайтуу иштери боюча графиктер электр тармактарынын ишканаларынын расмий сайттарында, фейсбук, инстаграм социалдык баракчаларында жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.
Расмий сайттар:

Бишкек электр тармактар ишканасы -http://bipes.nesk.kg

Жалал-Абад электр тармактар ишканасы - http://jpes.nesk.kg

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы - http://ipes.nesk.kg

Нарын электр тармактар ишканасы - http://npes.nesk.kg

Ош электр тармактар ишканасы - http://oshpes.nesk.kg

Талас электр тармактар ишканасы - http://tpes.nesk.kg

Чүй электр тармактар ишканасы - : http://chupes.nesk.kg

"Керектөөчүлөрдү кырдаалга түшүнүү менен кароого жана электр энергиясына аяр мамиле кылууга, максималдуу жүктөмдөр убагында, бир эле учурда бир нече энергияны көп талап кылуучу электр шаймандарын колдонбоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин министрлик өлкөдө жарык эртең менен жана кечинде өчүрүлүп турушу мүмкүн экенин эскертип, мындай чектөө Токтогул ГЭСинин №1 агрегатын жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого байланыштуу болуп жатканын кабарлаган. Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраев 6-марттагы парламенттин жыйынында жарыкка болгон чектөө күн жылышына карап алынарын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан