Биз социалдык тармакта

Акылбек Жапаров Германиядан келген инвесторлор менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германия өлкөсүнөн келген ишкерлер делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, делегация Кыргызстанга кызматташтыкты улантуу, өнүктүрүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы өлкөнүн потенциалын изилдөө максатында келген. Герман ишкерлери былтыр ноябрь айында Гамбург шаарында Кыргызстандын Германиядагы Экономика күнүнүн алкагындагы иш-чараларга катышкан.

"Тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү, атап айтканда, күн электр станциясын куруу жана мындан аркы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан