Бүгүн, 7-мартта борбор калаада Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги журналисттерди түрк нанүштөсүнө чакырды. Бул иш-чара Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.
Анын алкагында саамалыктын катышуучулары түрк ашканасынан даам сызып, жаздын символу болгон жоогазын гүлүп белекке алышты. Ошондой эле айымдардын дарегине жылуу каалоо-тилектер айтылды.
Мындан сырткары келечекте биргеликте ишке ашыра турган долбоорлор тууралуу пикир алмашуулар орун алды.