Биз социалдык тармакта

"Күн жылуу болот". 8-мартка карата аба ырайы 

Эртең, 8-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1 градус.

Ал эми баш калаа Бишкекте жаан жаабайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз 12…14° жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан