Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандардын саны 5 миңге жетти 

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык жуктургандардын саны 4 855 адамга жетти. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан маалымдады.

Маалыматта караганда, илдетти жуктургандар дагы деле Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында арбын болууда.

Кызамык жуктургандардын саны:

Бишкекте - 1 438,

Ош шаарында - 331,

Ош облусунда - 831,

Баткенде - 112,

Чүйдө - 1042,

Жалал-Абадда - 922,

Ысык-Көлдө - 80,

Нарында - 54,

Талас облусунда - 75 адам кызамыкка чалдыккан.

Ооругандардын ичинен бир жашка чейинки ымыркайлардын саны 1684, 1-4 жаштагы - 1732, 5-9 жаштагы - 696, 10-14 жаштагы 222 бала бар. 500дөй бейтап - 15 жаштан жогору курактагылар.

Белгилей кетсек, былтыр бир жылда илдеттин 7046 учуру катталып, тогуз бала оорудан чарчап калган. Арасында беш айлык ымыркай да болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан