Бишкекте шаардык патрулдук милиция башкармалыгы унаа башкарган айымдарды 8-март эл аралык айымдардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу видео башкармалыктын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Анда милиция кызматкерлери айымдарды эреже буздуңуз деп токтотуп, бирок топ гүл менен маанайын көтөргөнүн көрүүгө болот.