Бүгүн, 7-мартта Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-чакырымындагы №4 жана №5 тилкелеринде артиллериялык эсеп колдонулуп, натыйжада 145 миң куб көлөмүндөгү кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Аталган унаа жолдо кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иши аяктады.
Ал эми Ысык-Көл облусунун Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында кар көчкүнү атып түшүрүү эртең, 8-март күнү жүргүзүлөт.
Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зарылчылык болбосо алыскы сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайт!
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.