Бүгүн, 8-март күнү борбор калаада аялдардын укугун сактоого чакырган акция болуп өттү. Анын катышуучулары алгач Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулуп, Максим Горький атындагы скверге чейин жөө жүрүш жасашты.

Анда жеке ишкерлер, журналисттер, активисттер жана студенттер басымдуулук кылат. Иш-чаранын башкы максаты - аялдардын укуктарынын сакталышына коомчулуктун көңүлүн буруу. Алар аялдарга карата зомбулукту токтотуу, алардын эркиндигин камсыздоо жана сөз эркиндигин коргоо сыяктуу талаптарды айтышты. Марш саат 12:00дө башталып, дээрлик бир саатка созулду.

Жүрүш тартип коргоочулардын көзөмөлү алдында өттү.
Белгилей кетсек, мындай марш жыл сайын дал ушул күнү өткөрүлүп келет.