Биз социалдык тармакта

Министр дүйнө чемпионатынын алдында хоккейчилерге Кыргызстандын желегин тапшырды

Кечээ, 9-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кыргызстандын Хоккей боюнча курама командасын кабыл алып, команданын капитаны Кузьма Терентьевге мамлекеттик желекти тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Алтынбек Максутов 10-16 март күндөрү өтө турган иш-чара хоккейчилер жана хоккей сүйүүчүлөр үчүн чоң майрам экенин белгилеп, оюнчуларга ийгилик жана жеңиш каалап, жакынкы келечекте жогорку лигада ойногон мамлекеттердин катарын толуктап, кыргыз хоккейнин тарыхын жаңылайсыздар -деген ишенимин билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы III дивизиондун "А" тайпасында ойношот, бул II дивизиондун "В" тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстан, Мексика, Түркмөнстан, Түштүк Африка Республикасы, Таиланд жана Люксембургдун командалары беттеше турган турнир “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчада бүгүн, 10-мартта башталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан