Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! Унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Кыргызстандын тоолуу аймактарында 10-марттан 13-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

"Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл",-деп айтылат маалыматта.

Алар:

- Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымында. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

- Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымында (Долон ашуусу);

- Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу️ унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;

- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында;

- Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан