Биз социалдык тармакта

 Баткен облусунун ички иштер башкармалыгына 16 кызматтык унаа тапшырылды

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгына 16 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен ОИИБдин шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 16 кызматтык унааны тапшырды.

Жаңы кызматтык унаалар Кадамжай, Лейлек, Баткен райондук жана Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан