Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт (тизме)

Эртең, 12-мартта Бишкек шаарындагы турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу саат 9:00дөн 18:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдирди.

Өчүрүү району: Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламүдүн суусу, темир жол менен чектешкен тилкемеде жана Октябрь көчөсүндө.

Ичүүчү сууну өчүрүү "ХБО" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Ошондой эле "Бишкексууканал" башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан