
9-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 527 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 148 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 632 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.