
Бүгүн, 11-мартта Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча дагы бир жаран депутат болууга талапкерлигин көрсөттү. Ал “Геопарк Мадыген” КФнын директору Кенеш Салихов. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин үч талапкерден арыз түшкөн. Алар: жеке ишкер Ганишер Бадалов, Кыргызстандын чек ара коомунун жетекчиси Алимберди Бегматов жана Бакир Бакытбек. Ошентип Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин саны төрткө жетти.
Эскерте кетсек, бир мандаттуу №2 Баткен жана №9 Кара-Суу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган.
Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.