Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 12 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 36 жаштагы келин үч баласы менен изделүүдө. Бул тууралуу шаардык ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган районго караштуу Жаңы-Акман айылынын тургуну 1988-жылы туулган Наргиза Абдалиева ушул жылдын 28-февраль күнү 11 жана 7 жаштагы кыздары, ошондой эле 2 жаштагы уулу менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Учурда алардын жүргөн жери аныкталбай жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Келиндин өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, ак жумал, чачы кара, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Ак-саргыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Наргиза Абдалиева жана анын балдары тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, кабарлап коюуну суранат.