
2024-жылы мамлекеттик бюджеттен социалдык төлөмдөр үчүн 62,7 миллиард сом каралды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Финансы министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, бул каражаттар жумушсуздук, оору, майыптык, жесирлик, пенсионерлерге жана акысыз билим берүүгө сарпталуучу чыгымдар.
Социалдык төлөмдөргө 2021-жылы 35, 8 миллиард сом бөлүнгөн. Тагыраагы социалдык төлөмдөргө бөлүнүп жаткан быйылкы чыгаша мурдагыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп болгон.
Чыгашанын көбөйүшү - пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого жана мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөөнүн өлчөмүн жогорулатууга байланыштуу болуп жатканы маалымдалды.