Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдагы отчеттук маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкө боюнча 5,9 миң бала оор абалда экени аныкталган.
Ага ылайык, турмуштук оор кырдаалда турган балдар-бул ата-энеси аларды багуудан жана тарбиялоодон качкан, иштеген жана эмгектин эң начар формаларына тартылган, кароосуз калган, мыйзам менен чатагы бар, зомбулукка кабылган башка балдар.
"Аймактык үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер 62,1 пайыз балдарды же 3,7 миңин турмуштук оор кырдаалдан чыгарышты, калгандары боюнча иш жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.