Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдүн чыгышында жер титиреди

Кечээ, 11-март күнү түштө Ысык-Көл жана Түп райондорунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө саат 11:53тө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көлдүн чыгышында: Ак-Булак айылынан 5 чакырым түндүк-батыш, Каракол шаарынан 40 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Ак-Булак, Күрмөнтү, Ак-Булуң, Балбай айылдарында - 3 балл, Шаты, Кутургу, Түп айылдарында - 2,5 баллга чейин сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан