Биз социалдык тармакта

Бишкек-Алматы жолунда 40 чакырымга жеткен унаа тыгыны жаралды (видео)

10-мартта Бишкек-Алматы жолунда 40 чакырымга жеткен унаа тыгыны жаралып, айдоочулар түнү менен туруп калышты. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.

Андагы маалыматка ылайык, бүгүн, 12-март эртең менен саат 08:00гө карата трассадагы чоң тыгын жоюла элек. Кээ бир унаалар каршы тилкеге ​​чыгып, муну менен абалды ого бетер курчутушууда.

Өз кезегинде Алматы полициясы Бишкек-Алматы унаа жолунда көп чакырымга созулган тыгындын себебин түшүндүрдү. Полициянын айтымында, тыгын оор жүк ташуучу унаанын бузулушунан улам келип чыккан.

"Алматы-Бишкек унаа жолунда шаарга кире бериште чоң тыгын пайда болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, оор жүк ташуучу унаа жолдо бузулуп, жолду тосуп калгандыктан жол кыймылы кыйындаган", - деп айтылат маалыматта.

Кээ бир айдоочулар жол тыгынын айланып өтүүгө аракет кылышса, кээ бир унаалар жолдун четтерине тыгылышкан. Аларга куткаруучулар келди.

Бишкек-Алматы жолунда 40 чакырымга жеткен унаа тыгыны жаралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан