
Ошто каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Ички иштер министрлиги маалымдады.
Кабарлангандай, милицияга 1991-жылы туулган Өзбекстандын жараны Н.Б. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 14-февралда түнү Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы үйүнөн шериги М.Д. экөөнү тааныштары алдап алып чыгып кетишкен. Аларды Араванга алып барып, бир күн бою коркутуп кармап жаткан. Шектүү жабырлануучуну бычак менен сайып, коркутуп 5 миң долларын өзүнө котортуп алган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Араван айылынын 1997-жылы туулган тургуну М. уулу У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда калган кылмышка шектүүнүн калган шериктерин кармоо иштери жүрүүдө.