
Бишкек шаарында №145 автобустун жана №192 маршрутканын кыймылынын айрым бөлүгү өзгөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мындан ары, №145 автобус Ахунбаев көчөсү аркылуу Молдокулов көчөсүнө бурулуп, Куланак көчөсүнө чейин барат. Ал эми №192 маршрутканын кыймылы Ибраимов көчөсүнөн (шаарды айланып өткөн чоң жол) “Бишкек автобекетине” чейин узарды.
"Мындай чечим шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды". - деп айтылат маалыматта.

