Быйыл январь айына карата өлкөдө орточо айлык акы 33 миң 664 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта брифинг учурунда Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылга карата өсүү 12,7 пайызды түзгөн.
"Орточо айлык маянанын артышы чекене жана дүң соода тармагында, кыймылсыз мүлк менен операцияларында, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, кен казуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалды", - деди ал.