
Кыргызстандын аймагында 4-марттан 10-мартка чейинки аралыкта 22 миң 8 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Алар:
- тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 312;
- мас абалында унаа башкаруу – 339;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 53;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 869;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 039;
- автоээнбаштык – 9;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 030;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 4;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 353;
Ал эми 1 363 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.