
Үлпөт той кортежинде жол эрежелерин бузган айдоочуларга 30 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Hyundai Sonata жана Nissan Tiida үлгүсүндөгү унаалардын ичиндеги жарандар терезеден тулку боюн чыгарып, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып жаткан видео социалдык тармакка тараган.
Видео боюнча Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иштерин жүргүзүп, натыйжада аталган унааларга 30 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Ал эми унаалар айып короо жайына токтотулган.
Ошондой эле ЖКККББ экинчи ирет жол эрежесин бузган учур катталганда алты айлык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратыла турганын эскертет.