
Бөлмө ичинде градусник сынып, ртуть майда бөлүкчөлөргө чачыраган учурда, эң биринчи кадам бөлмөнүн терезе, эшигин ачып, таза аба кирүүсүнө шарт түзүү керектигин ӨКМ эскертет.
- Жердеги ртуть затын резина кол кап кийип, сууланган гезит, эң майда бөлүкчөлөрүн “лейкопластыр” медициналык каражатынын жардамы менен чогултуңуз. Чаң соргучту колдонууга болбойт!
- Чогултулган ртутту суу куюлган желим бөтөлкөгө салып, оозун бек жабыңыз. Таштандыга, сыртка, унитазга таштаганга болбойт. Уулу затты зыянсыздандыруучу адистерге кайрылыңыз.
- Ртуть төгүлгөн жерди самын жана сооданын ысык суудагы аралашмасы же хлор, марганцовка менен жууп тазалаңыз.
Ртуть затына уулануунун белгилери:
- Адам ртутка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинет;
- Алсыз болуу;
- Табиттин жоголушу;
- Баш оору;
- Шилекей жутканда тамактын оорушу, оозго темирдин даамы келиши;
- Ооз көңдөйүнүн канашы;
- Ич оруу;
- Көңүл айнуу, кусуу;
- Ич өтүү;
- Шишик пайда болот. Мына ушу белгилер пайда болгондо, жакын жердеги медициналык мекемедеги дарыгерге кайрылып, тийиштүү жардам алыңыз.