
Бүгүн, 12-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 419 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасы билдирди.
"Суунун агып келиши секундасына 160 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 532куб метрди түзүүдө", - деп айтылат ишкананын маалыматында.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.