
Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 30-июлда милицияга Т.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал М. аттуу бала 2023-жылдын май айында Медеров көчөсүнөн жолугуп, телефондорду сатып алып келип берем деген убадасы менен анын 35 миң долларын алып кеткенин айткан. Кийин шектүү убадасын аткарбай кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2000-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш иштерин жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.