Биз социалдык тармакта

Өмүрбек Текебаев 18 жыл мурун аны абактан бошоткон судьяга Варшавадан жолукту

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Варшавада судья Малгожата Шамборска менен жолугушту.

Саясатчы 2006-жылы "Матрёшка гейт" деп аталып калган анын ишин кароодо Малгожата Шамборскага кесипкөйлүгү жана объективдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирген. Ал ага куруттар салынган сувенир түрүндөгү символикалык белек берди.

"18 жыл мурун Варшавага келип, кире албай кайра кеткем. Анткени аэропортто багажымдан составында героин аралашкан ак порошок салынган матрёшка табылган. Мен кармалып, түрмөгө отургузулгам. Ошол ишти жаш судья кыз карап, фактыларды, жагдайларды, биографиямды эске алып, мени актап, түрмөдөн бошоткон.
9-март күнү ошол судья пани Малгожата Шамборска менен жолуктум. Ага ыраазычылык билдирип, белек бердим. Негизги белек матрёшка болду. Матрёшканын ичинде бул жолу да ак зат бар эле", - деп жазды элчи социалдык тармактагы баракчасына.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан