Ноокендин Бирдик айылында эки турак үйдүн фундаменттери буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкерлери тарабынан Ноокен районуна караштуу Бирдик айылынын Шайдан-Сай 2 көчөсүндөгү мыйзамсыз курулган эки турак үйдүн фундаменти буздурулду. Учурда жерин тазалоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.