Ашууларда кар калың жааганына байланыштуу “Сосновка” посту менен Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ЖКККББ алыскы жолго чыккан айдоочулардан жолго чыгаарда алдын ала пландап, аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, бардык коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.
Чектөө качан алынары боюнча алдыда маалымат берилери кошумчаланды.