Эртең, 14-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы, ошондой эле Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү, темир жол менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалымдалгандай, суу "Контррезервуар" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.
Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранды.