Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында заманбап этномузей жана китепкана курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, этномузей жана китепкана борбордук эс алуу паркына курулат. Долбоорлорду быйыл ишке ашыруу пландалууда.
Эскиздик долбоор Ноокен районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.