Биз социалдык тармакта

Бишкектин №67 мектебинде окуучулардын биринен кургак учук аныкталды

Бишкектеги №67 мектеп-гимназиясындагы окуучудан кургак учук аныкталып, мекеме убактылуу онлайн окууга өткөн. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, окуучудан дарт аныкталгандыгы 7-мартта белгилүү болгон. Мындан улам ал бала окуган класстын ата-энелери менен дарыгерлер чогулуш өткөрүп, мектеп эки күнгө, тагыраагы 11-12-мартка онлайн окууга өткөн.
Мектеп толугу менен Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери тарабынан дезинфекцияланды. Ооруп калган окуучу менен байланышта болгон бардык окуучулар жана мугалимдер рентгенден өтөрү кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан