Кырсык көп катталган Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кайрылма жол жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек-Нарын-Торугат айланма унаа жолунун 124-чакырымында бир нече жолу жол кырсыктары катталган.
Ага ылайык, жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында Чүй ЖКККБнын жол көзөмөлдөө бөлүмчөсү тарабынан сунуштамалар берилип, кайрылма жол жабылган.