Биз социалдык тармакта

Жол жээгине көрнөк-жарнактарды мыйзамсыз илгендерге 405 миң сом айып салынды

Өлкө аймагында 6-8-март күндөрү “Жарнама тактасы” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Рейд учурунда жол жээктерине тийиштүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын орнотуп алган 204 жаран аныкталып, аларга карата жалпы 405 миң сом айып салынды.

Ошондой эле 151 жаранга мындай фактыларга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.

"Жарнама тактасы" рейди ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган.

Максаты - жол жээгиндеги башаламан көрүнүштөргө жол бербөө жана “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамынын тийиштүү талаптарын аткаруу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан