Өлкөдө мектеп окуучуларынын жазгы эс алуусу 11 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен бүгүн, 13-мартта билдиришти.
Маалыматтарга караганда, балдардын каникулу ушул жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулуп, сабактар 1-апрелде башталат.
Белгилей кетсек, келе жаткан жума кыргызстандыктар үчүн 21-марттан 24-мартка чейин узак эс алуу күндөрү болмокчу.